Көчмөндөр оюндарынын көпчүлүк иш-чараларына билеттин баасы 1000 сом болот


Көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар иш-чаралар акы төлөнүүчү негизде өтөт. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев “Кырчын” этно-шаарчасынын презентациясында билдирди.

Анын айтымында, “Рух Ордодо”, Бостери айылында, “Дордой Номад” маданий борборунда, ошондой эле ипподромдогу концерттерде жана көк бөрү, көкпар боюнча финалдык оюндарда өтүүчү иш-чараларга кирүү акы төлөнөт.

“Дордой Номад” маданий борборуна кирүү 500 сомду түзөт. Министрдин айтымында, көпчүлүк иш-чараларга билеттин баасы 1000 сом болот.

Ал эми Көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттердин баасы 1000 сомдон 5000 сомго чейин болот. “Кырчын” этно-шаарчасына кирүү акысыз болот”, — деп кошумчалады Мамбеталиев.