Садыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун үч жылдын ичинде бүтүрүүнү тапшырды


Президент Садыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун үч жылдын ичинде куруп бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда курулуштун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.
Мекеме Балыкчы — Кочкор темир жолун курууда топтолгон тажрыйбаны жаңы долбоордо да колдонот. Шпала төшөөчү атайын техника алынгандан кийин темир жол куруунун ылдамдыгы 15 эсеге жогорулаганы кошумчаланды.
Буга чейин Жапаров келечекте темир жол Балыкчыдан Караколго чейин салынарын айткан.