Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өткөн күндөрдө ички турлар арзандайт


Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган күндөрү борбордон убактылуу чыгып эс алууну каалаган бишкектиктердин саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, мэриянын сунушунан кийин бир катар туристтик компаниялар шаар тургундары үчүн өлкө ичинде саякат уюштурууга 10–15 пайыздык арзандатуу берүүгө макул болушкан.

Мэр белгилегендей, буга чейин турфирмаларга орто эсеп менен 200дөй адам кайрылып келсе, учурда алардын саны 730дан ашкан. Азырынча 180 жолдомо алдын ала брондолгон.

«Шаар тургундары кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, ушул күндөрү эс алууну алдын ала пландап жатышат», — деди Айбек Жунушалиев.

Ошондой эле ал 25-августтан 10-сентябрга чейин борбор калаада бир катар көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилерин эске салды. Мындан улам 260 миңге жакын окуучу, 200 миңдей студент жана 18 миңден ашуун мугалим үчүн ыңгайсыздык жаралбашы үчүн жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу борбор калаада коопсуздук чаралары күчөтүлүп, айрым убактылуу чектөөлөр киргизилери буга чейин расмий маалымдалган.