Кыргыз жарандары үчүн Улуу Британиядагы сезондук жумушка каттоо 17-августта башталат


2027-жылга карата Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн-каттоо 17-августта Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталып, 20-августта саат 23:59да аяктайт. Каттоо үчүн жарактуу чет өлкөлүк паспорт жана Gmail электрондук почтасы керек. Почта дарегиндеги аты-жөнү паспорттогу маалыматка дал келиши керек.

Тандоону HOPS Labour Solutions Ltd жүргүзөт. Талапкерлер 18 жаштан жогору болуп, орус тилин билиши жана ден соолугу жакшы болушу керек.

• Айлык акы — саатына 12,71 фунт
• Аптасына кеминде 32 саат иштөө
• Визанын баасы — 340 фунт, 2027-жылдын апрелинен кымбатташы мүмкүн
• Учак билетинин баасы өзүнчө төлөнөт

Каттоо шилтемеси Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун расмий баракчаларына жарыяланат.