Бугүн өлкөнүн Талас облусунан башка дубандарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +31…+36, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын регионунда +24…+29 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +36…+38 градус болот. Чолпон-Атада өткүн өтөт, абанын табы +24…+26 градусту көрсөтөт.

