Кыргызстанда орточо пенсия 12,9 миң сомду түзөт


1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга индексацияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетип, өсүш 1 753 сомду түзөт. Ал эми пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда.
Социалдык фондго пенсияларды кайра эсептөө боюнча бардык эсеп-кысаптарды жүргүзүп, каржылык камсыздоону жана төлөмдөрдү өз убагында уюштуруу тапшырылды.