Бишкек шаарынын тургундары 29-августтан 1-сентябрга чейин төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
29 жана 30-август — дем алыш күндөрү, 31-август — Эгемендүүлүк күнү. Ал эми 1-сентябрь Бишкектеги бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн орточо эмгек акысы сакталган дем алыш күн деп жарыяланды. Жеке уюмдар үчүн бул сунуш катары берилди.

