Бишкек–Ош жана Өзгөн–Кара-Кулжа жолдорунда тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектиси аныкталды. Текшерүүнү Курулуш министрлиги жүргүзгөн.
• жеңил конструкциядагы 11 дүкөн
• 6 тез тамактануучу жай
• 5 чарбалык дүкөн
• 3 чач тарач
Объект ээлерине мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү жана көрсөтмөлөр берилди.

