Бишкекте тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, бейтап жабыркады


Бүгүн, 18-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы катышкан жол-транспорт кырсыгы катталган. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы

Алдын ала маалымат боюнча, жеке менчик тез жардам кызматына таандык унаа менен Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан. Тез жардам унаасы Ахунбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй, ал эми Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан.

«Тез жардам унаасынын айдоочусунун билдирүүсүнө ылайык, Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаа жол чырагынын сары белгисине өтүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасында ооруканага жеткирилип бара жаткан бир жаран жаракат алган. Жабырлануучу башка тез жардам унаасы менен медициналык мекемеге жеткирилген. Каза болгондор жок», — деп жазылат маалыматта.

Учурда жол-транспорт кырсыгынын бардык жагдайлары жана келип чыгуу себептери такталууда.