Ысык-Көл облусунда 18-августта саат 02:21де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Май-Саз айылынан 22 чакырым түштүк-батышта, Каракол шаарынан 52 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Өлкөнүн калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.

