Эртең, 19-августта, акын Аскат Жетиген абактан бошотулат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, ал жаза мөөнөтүн толук өтөдү.
«Анын мөөнөтү бүгүн саат 12:00дө аяктайт жана эртең бошотулат», — деди ал.
Эскерте кетсек, Аскат Жетиген — белгилүү акын, композитор жана комузчу.
2024-жылы Свердлов райондук соту акынды Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан.

