Актриса Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды


Белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты сахналаш курбусу, жакын санаалашы тастыктады.

Маалыматка ылайык, актриса акыркы күндөрү ооруп жүргөн.

«Кадам-медиа.кж» сайтынын эмгек жамааты актрисанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.