Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда башталат. Бул маалыматты парламент төрагасы Марлен Маматалиев ырастады.
Анын айтымында, президенттик шайлоону дайындоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-сентябрда каралып, токтом кабыл алынат. Буга чейин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров дал ушул датаны парламентке сунуштаган болчу.
Эл өкүлдөрү 25-июнда эки айга жайкы каникулга кетишкен.

