«Манас» аэропортунда расмий такси кызматтары гана иштей алат


«Манас» аэропортунда «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен келишим түзгөн расмий такси компаниялары гана иштей алышат. Бул тууралуу компаниянын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, таксилер белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Тактап айтканда, автопарк жаңы жана бренддүү болушу керек.

Самидинов аэропорт өзүнүн такси кызматын түзүүнү пландабай турганын баса белгилеген.