Султан Раев: Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити Кыргызстанды дүйнөлүк аренага чыгарат


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУнун саммити өлкөнү дүйнөлүк аренага чыгарууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев билдирди.

Ал 2026-жыл Кыргызстан үчүн эл аралык деңгээлдеги эң маанилүү жылдардын бири болгонун белгиледи. Эң оболу, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланып, муну менен жаңы тарыхый баракты ачты.

Руханий жана маданий көз караштан алганда, Султан Раев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркия менен Казакстанда өткөндөн кийин кайрадан Кыргызстанга кайтып келиши өзгөчө сыймык экенин баса белгиледи.

«Кыргызстан дүйнөлүк цивилизацияга кандай салым кошо алды дегенде, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын атоого болот. Алар маданий гана эмес, саясий жана гуманитардык жактан да чоң мааниге ээ. Анткени бул Оюндар жаратылыш менен табигый эриш-аркак айкалышып, өлкөнү дүйнөлүк аренага таанытууда биздин башкы брендибиз болуп саналат. Бул аркылуу өзүбүздү туризм өлкөсү катары көрсөтүүгө жол ачылат. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине ондон ашык мамлекеттин башчыларынын келиши улуттук дипломатиянын баскыч-баскычы менен өнүгүп жатканынын көрүнүшү катары бааланууда. Мен Кыргызстан дүйнөлүк маселелерди чечүүчү өзгөчө аянтчага айланды дээр элем. ШКУ — дүйнөдөгү эң таасирдүү уюмдардын бири. Саммиттин бизде өтүшү — өлкөнүн жүзүн, анын өнүгүү жолун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзтүргөн чоң сыймык», — деп белгиледи Раев.

Булак: «Кабар» маалымат агенттиги