Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Синьцзян-Уйгур автоном аймагынын башчысы Чэнь Сяоцзян менен жолугушуп, өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну талкуулашкан.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы мунай-газ кендерин чалгындоо жана иштетүү, мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу, ошондой эле чек арада товарларды сактоо, транзиттик өткөрүү жана кайра жүктөө үчүн инфраструктура түзүү тууралуу кеп болгон.

