Кыргызстанда жарандар кышкы жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүр сатып ала баштады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жумада Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 2 миң тоннага жакын көмүр сатылган.
Ишкана жарандарды көмүрдү суроо-талап күчөгөн мезгилге калтырбай, жылытуу мезгилине алдын ала камдап алууга чакырды.

