Бакытбек Кадыралиев саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду


Бакытбек Кадыралиев саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан кетти. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Алдын ала маалыматка ылайык, Кадыралиев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Белгилүү кардиохирург бул кызматта сегиз айга жакын эмгектенген. Ал саламаттык сактоо министринин орун басары болуп 2025-жылдын декабрь айында дайындалган.