Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +31…+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37, Талас чөлкөмүндө +28…+33, Ысык-Көл аймагында +25…+30, Нарын регионунда +26…+31 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +33…+35, Ошто +35…+37, ал эми Чолпон-Атада +25…+27 градуска көтөрүлөт.

