Бишкек–Ош жолунда мыйзамсыз иштеген соода түйүндөрү аныкталды


Бишкек – Ош жана Өзгөн – Кара-Кулжа унаа жолдорунун жээктеринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектиси аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Анын ичинен:

  • 11 жеңил типтеги дүкөн;
  • 5 чарбалык товарлар дүкөнү;
  • 6 тез тамактануучу жай;
  • 3 чач тарач.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, аларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.