Бүгүн, 19-августта акын Аскат Жетиген абактан чыкты. Ал жаза мөөнөтүн толук өтөдү.
Бүгүн эртең менен аны тосуп алууга абактын жанына жакындары, ММК өкүлдөрү жана адвокаты келген. Бирок аны ага чейин эле чыгарып кетишкени белгилүү болду.
Жактоочу Акынбек Ногоев билдиргендей Аскат Жетигенди абак жетекчиси чыгарып кеткен. Кийинчерээк адвокат акын менен жолукканын кабарлады.
Эскерте кетсек, Аскат Жетиген белгилүү акын, композитор жана комузчу.
2024-жылы Свердлов райондук соту акынды Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан.

