Өкмөттөн Адылбек Касымалиев жеңүүчү клубга сыйлык тапшырганын билдирди.
Суперкубок үчүн беттеш “Алга” спорт комплексинде өттү.
Оюн башталардын алдында, Касымалиев клубдун музей бурчу жана жаңы курулган гибриддик машыгуу талаасы менен таанышкан.
Андан соң минкаб төрагасы өлкөнүн учурдагы чемпиону, Каракол шаарынын «Барс» футбол клубу менен Кыргызстандын 2025-жылдагы Кубогунун ээси, Бишкектин «Дордой» клубунун ортосундагы беттешти көрдү. Оюн «Барстын» пайдасына 2:0 эсебинде аяктаган.

