Оштун мурдагы борбордук базарынын ордуна маданий-туристтик комплекс куруу пландалууда. 20-августта мэр Жанарбек Акаев менен аймактын менчик ээлери эки тараптуу меморандумга кол коюшту.
Долбоордо шаардын тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү каралган. Курулуш менчик ээлеринин инвестициясынын эсебинен жүргүзүлөт, жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөө маселеси да каралган. Иштерди 1-сентябрда баштоо пландалууда.

