Кытай Кыргызстанга эшигин ачты


20-августтан тарта Кытай мамлекети Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы эрежелерди, тагыраагы Кытайга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди. Бирок, бул эреже бардык сапарлар үчүн эмес. Тагыраагы, ар бири так шарттарга жана чектерге ээ атайын эки режим иштелип чыкты.

  1. 240 сааттык визасызтранзит. Кыргызстандыктар бул жол аркылуу Кытайга65 ачык өткөрүү пункту аркылуу, анын ичинде Пекин жана Шанхай аэропорттору аркылуу кирип, уруксат берилген аймактарда он суткага чейин жүрө алышат.Негизги шарты, жарандын колундаүчүнчү өлкөгө же регионго чыгып кетээрин тастыктаган билет болушу шарт.Башкача айтканда, жаран Кытай мамлекети аркылуу үчунчү өлкөгө чыгып кетүүсү шарт.
  2. Бул Хайнаньаралынатиешелүү. Кыргызстандынжарандарытуризм, кыска иш сапарлар, туугандарына баруу же жеке максаттар үчүнал жерде 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул режим Хайнань провинциясынын аймагына гана тиешелүү.Жумуш, окуу, журналисттик ишмердүүлүк жана башка сапарлар бул эрежелерге баш ийбейт.Алар үчүн, мурдагыдай эле, тиешелүүкытайвизасыкерек.

Дүйнөдөгү ири держава минтип Кыргызстанга эшигин ачып жатканы, бул  жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаралышы десек жарашат. Себеби, мындай шарттар кыска сапарларды жеңилдетип, ишкерлер үчүн ынгайлуу болуп, көргөзмөлөргө катышуу, сүйлөшүүлөр, сатып алуулар, өнөктөштөр менен жолугушуулар мурдагыдай тоскоолдуксуз болот. Белгилей ктүүчү жагдай, кыргыз тарапта дагы Кытайдан келген туристтик топторду визасыз кабыл алуу механизми бар. Эрежеге ылайык, топ 5-25 адамдан туруп, өлкө аймагында бекитилген программа боюнча 21 күндөн ашык жүрө албайт. Ал эми, коңшуларыбыз Казакстан жана Өзбекстан акыркы жылдары Кытай менен визасыз режим киргизген. Алардын бул кадамы бүгүнкү күндө өз жемишин берип, соода-сатык, туризм тармагындагы кызматташтыгы жогорку деңгээлге жетти. Ал эми биз болсо, баягы эле куру дымагыбыздын курмандыгы болуп отурабыз. Кезинде, Ат-Башыга курула турган логистикалык борборго каршы чыкпай, курдуруп калганыбызда анын жыргалчылыгын азыр Ат-Башы  эли эмес жалпы кыргыз көрүп, он миңдеген жумуш орундары түзүлүп, ири экономикалык локомотив болуп турмак. Биздин ошол каталыгыбызды өз пайдасына колдонуп кеткен казак туугандар бүгүн Хоргосту гүлдөгөн бизнес аймакка айландырып койду.