Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирди


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтында AIRUN жасалма интеллект жардамчысы иштей баштады. Ал оюндардын программасы, мелдештер өтө турган жайлар, билеттердин баасы жана объекттерге жетүү жолдору тууралуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде маалымат берет.

AIRUN Кыргызстанда иштелип чыккан жана кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн эске алат. Кийин долбоордун алкагында санариптик AI-аватар жана кыргыз тилиндеги эмоционалдык AI-үн коштоо технологиясын ишке киргизүү пландалууда.