21-августка карата аба ырайы


Бүгүн күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +27…+32, Ысык-Көлдө +28…+30, Нарын регионунда +24…+29 градус ысыйт.
Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32…+34, Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +25…+27 градуска жетет.