Президент Садыр Жапаров «Кылым Банктын» акционеринин функцияларын Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Чечим банктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Министрлер кабинетине өз чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү, ал эми Президенттин Иш башкармалыгы менен Каржы министрлигине өткөрүп берүү иштерин бүтүрүп, банкты керектүү мамлекеттик мүлк менен камсыз кылуу тапшырылды. Жарлык 19-августта кол коюлуп, расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

