20-августунда саат 20:30 чамасында Бишкек шаарындагы Көлбаев көчөсүндө 2018-жылы туулган жаш бала автобустун катышуусундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган.
Кайгуул кызматы билдиргендей, бала жолдон өтүп бара жаткан учурда автобус сүзүп кеткен. Жабырлануучу медициналык мекемеге жеткирилип, дарыгерлер тарабынан тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Алдын ала диагнозу: баш мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы,бет жана дене аймагындагы сыйрылган жаракаттар.
Учурда жол-транспорт кырсыгынын бардык жагдайлары жана себептери такталууда.

