«Формула-1ге» эмне үчүн чет элдик жылдыздар келбей калганы айтылды


Кыргызстандын Суу-мотор спорт федерациясынын техникалык көзөмөл боюнча адиси Манап Элдияр маалымат жыйында «Формула-1» иш-чарасына чет элдик жылдыздардын келбей калганына байланыштуу жагдайды түшүндүрдү.

Анын айтымында, чет элдик белгилүү инсандардын иш-чарага катышары тууралуу маалымат ойдон чыгарылган эмес. Федерацияда алардын Кыргызстанга келиши боюнча расмий каттар, кат алышуулар жана видеотастыктоолор бар.

Ал белгилегендей, чакырылган коноктордун бири Казакстанда тасма тартууга байланыштуу Кыргызстанга келе алган эмес. Федерациянын өкүлүнүн айтымында, уюштуруучулар анын жол кире жана башка чыгымдарын жабууга даяр болушкан, бирок тасма тартуу графигин өзгөртүп, иш-чарага келүүсүн камсыз кылуу мүмкүн болгон эмес.

Ал Жан-Клод Ван Даммдын келбей калганы тууралуу өзүнчө токтолду. Анын айтымында, актёрдун сапардан баш тартканы учууга болжол менен алты саат калганда белгилүү болуп, буга анын ден соолугу себеп болгон.