Францияда оор жана айыккыс дартка чалдыккан бойго жеткен жарандарга жана өлкөнүн туруктуу жашоочуларына өз каалоосу менен өмүрдөн кетүүдө медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам күчүнө кирди. Чечимди бейтаптын абалын жана дарыгердин корутундусун караган атайын комиссия кабыл алат.
Макулдук берилгенден кийин кеминде эки күн күтүү керек, ал эми процедура күнү бейтап чечимин кайрадан ырасташы зарыл. Андан каалаган учурда баш тартууга болот. Негизинен препаратты бейтап өзү кабыл алат, ал эми ден соолугу жол бербесе, медициналык кызматкер жардам берет.

