Бүгүн Чүй регионунун көпчүлүк, Ысык-Көлдүн айрым, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Таласта +26…+31, Ысык-Көл менен Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында, Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +31…+33, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.

