Бишкекте 22-августта Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясына байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.
• Аалы Токомбаев проспекти — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
• Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
• Манас проспекти;
• Юсуп Абдрахманов көчөсү;
• Чүй проспекти;
• Васильев тракты — «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү жана Чүй проспекти багытына чейин.

