«Торугарт» фитосанитардык көзөмөл пунктунда Кытайдан ташылып келген 3 тонна күрүч текшерилди. Жүктө милдеттүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды.
Талаптар сакталбагандыктан күрүч Кыргызстандын аймагына киргизилбей, жөнөтүүчүгө кайтарылды. Айыл чарба министрлиги мындай көзөмөл өлкөнү карантиндик зыянкечтерден жана оорулардан коргоо үчүн жүргүзүлөрүн билдирди.

