Кыргызстандын эл жазуучусу, белгилүү публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев дүйнөдөн кайтты. Маркум менен коштошуу зыйнаты 25-августта саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал проза, публицистика жана фельетон жанрларында эмгектенип, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Эл агартуунун отличниги» наамдарына татыган.

