Кыргызстандык мушкер UFC 332 турнириндеги негизги беттештин алдында бразилиялык Наталья Силва менен күч сынаша турган болду.
Турнир 4-октябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтөт.
Силва жеңил салмак категориясындагы рейтингде биринчи орунда турат. Ал катары менен 14 беттешинде жеңишке жеткен, ал эми UFC уюмундагы сегиз кармашынын баарында тең уткан.
Шевченко буга чейин бразилиялык мушкерлерди 4 жолу жеңип, 2 жолу жеңилип калган.

