25-августка карата аба ырайы


Бүгүн республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +30…+35, Таласта +25…+30, Ысык-Көл облусунда +16…+21, Нарын регионунда +23…+28 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +17…+19 градусту көрсөтөт.