24-августта “75чилердин иши” боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум шектүүлөрдүн бири Бекболот Талгарбеков сотко келбей калгандыктан 27-августка жылды.
Ал эми 17-августта жараян Эмилбек Узакбаевдин адвокаты келбей калгандыктан 24-августка жылдырылган.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган болчу. Сот айыпталуучулдардын баарына үч жылдык пробация берген.

