Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылат


Президенттик мектеп-лицейдин курулушу аяктоо алдында турат. Комплексте 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик бассейн, спорт зал жана стадион каралган.

Смета кайра каралып, курулуштун жалпы баасы 2,1 млрд сомдон ашык суммадан 1,7 млрд сомго чейин төмөндөтүлгөн. Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, мунун эсебинен бюджеттен 443,5 млн сом үнөмдөлдү.