Ажылык – 2027 сапарына каттоо башталды. Кантип катталса болот?


25-августта саат 09:00дөн тарта 2027-жылы ажылык парзын биринчи жолу аткарууну каалагандар үчүн каттоо ачылды. Өтүнмө мамлекеттик «Ажылык» санариптик системасы аркылуу гана берилет.

Катталуу үчүн:
• электрондук ID (eID) же ID-картаны жүктөө;
• 180 000 сом баштапкы төгүм төлөө;
• төлөмдү банктык тиркеме же электрондук капчык аркылуу жүргүзүү;
• белгиленген мөөнөттө керектүү документтерди системага жүктөө зарыл.

Кезек төлөм жүргүзүлгөн убакытка жараша автоматтык түрдө түзүлөт. Кыргызстанга бөлүнгөн квота толгондо система төлөм кабыл алууну токтотот.