Бишкектеги өзгөртүлгөн көчөлөрдүн аталышы “2ГИС” жана “Яндекс Картада” качан пайда болот?


Бишкек шаардык кеңешинин 31-майдагы токтомуна ылайык, бир нече аталыштагы көчөлөр бир аталышка бириктирилген.

Учурда Кадастрдын Бишкек шаардык филиалы жаңы көчө аталыштарына ылайык даректик номерлерди өзгөртүү иштерин аяктап жатат. Бул этап бүткөндөн кийин маалыматтар “2ГИС” жана “Яндекс Карты” картографиялык сервистерине берилет.

Даректер жаңылангандан кийин мэрия көчөлөргө жаңы аталыштар жазылган аншлагдарды орнотуп, коммуналдык кызматтар менен коомдук транспорттогу маалыматтарды да өзгөртөт.