Бишкектеги Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» башталды


Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан менен Кытайдын маданий байланыштарын чыңдоого багытталган «Кытайдын Нанкин жумалыгы» ачылды. Анын алкагында «Салттардын өрүлүшү: Нанкин парчасы менен Борбордук Азия кийизинин диалогу» көргөзмөсү иштей баштады.

Ошондой эле «Нанкинди окуйбуз» аттуу китеп бурчу түзүлүп, китепкананын фондуна жаңы китептер тапшырылды. Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, адабият, искусство, кол өнөрчүлүк жана соода-маданий алмашуу багытындагы иш-чаралар уланат.