Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 22-август күнү Манас шаарында автоунаада бара жатып ок чыгарган жарандардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.
Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2007-жылы туулган У.К. жана 2004-жылы туулган К.К. аттуу жарандар кармалышып, тергөөгө камсыз болушту.
Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

