Асан Жанышов Польшада өткөн эл аралык мелдеште алтын утту

Screenshot

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Польшада өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026” эл аралык мелдешинде алтын медаль жеңди.

87 кг салмак категориясында күч сынашкан балбан финалда Армениядан келген Геворгу Тадевосянды 6:0 эсебинде артта калтырып, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан мелдеш 30-августка чейин уланат.