Алжирде токойдогу өрттөрдөн улам 12 адам каза тапты


Алжирдеги токойдогу өрттөн улам 12 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, өрттө 50дөн ашык адам жаракат алган. Жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун, 26-августта Алжирде отуз жети өрт кырсыгы катталды. Алардын бешөө түндүк-чыгыштагы Жижел провинциясында болгон. Буга байланыштуу бир нече үй-бүлө эвакуацияланган.