Ооганстанда бир миллионго жакын бала ачарчылыктан улам өлүм коркунучунда калды


ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Ооганстанда бир миллионго жакын бала өмүрүнө коркунуч туудурган катуу жетишсиз тамактануудан жабыркап жатат. Жалпысынан 3,7 млн балада тамактануу көйгөйү бар, ал эми оор учурлардын 83%ы эки жашка чейинки балдарга туура келет.

Июль айында татаалдашкан жетишсиз тамактануу менен 8 миң бала ооруканага жаткырылган — бул былтыркыдан үчтөн бирге көп. Абалды кургакчылык, суу ташкындары, миллиондогон адамдардын өлкөгө кайтып келиши жана гуманитардык жардамдын каржыланышынын азайышы оорлотууда. ЮНИСЕФке быйыл $180 млн керек, бирок азырынча анын 22%ы гана алынган.