Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Кытай бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгү ыкчам өнүгүп жатканын баса белгиледи.
Дипломат аймактагы өлкөлөрдүн ичинен соода жүгүртүү рекорддук деңгээлге чыкканын жана Кытайдан тартылган түз инвестициялардын көлөмү бир топ эсе өскөнүн белгиледи.
Ошондой эле соода түзүмүндөгү сапаттык өзгөрүүлөргө токтолуп, Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон продукциялардын көлөмү эселеп өскөнүн айтты. Учурда Кытай рыногуна Кыргызстандын экологиялык жактан таза тоо балы жана мөмө-жемиштери ийгиликтүү жеткирилүүдө. Ал эми жүк ташууларды жеңилдеткен жаңы «Бедел» өткөрүү пунктунун ачылышы логистикага чоң салымын кошту.
Лю Цзянпин биргеликте ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлорду атап өттү. Алардын катарында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу, Барскоон — Бедел автожолу, «Джунда» мунай кайра иштетүү заводун модернизациялоо жана борбор калаадагы таштанды кайра иштетүүчү эко-заводду кеңейтүү бар. Дипломаттын айтымында, заманбап жабдууларды жана электромобилдерди жеткирүү Кыргызстандын «жашыл» экономикасы үчүн бекем пайдубал болуп берет.

