Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 30-августта «Мадина» базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушту. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар башчысы өрттөн жабыркагандар аныкталып, жардам берилерин билдирди.
«Азыркы учурда эң негизгиси — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттү өчүрүү. Жабыркагандарды сөзсүз аныктап, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз. Бардык кырдаал көзөмөлдө», — деди Жунушалиев.
Калаа башчысы өрттү өчүрүүгө тартылган ӨКМ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы чукул туташуу себеп болушу мүмкүн. Окуянын так себептерин аныктоо үчүн видеобайкоо камераларындагы жазуулар изилденет. Милиция териштирүү башталганын кабарлады.

