Бугүн республикабыздын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +29…+34, Талас чөлкөмүндө +20…+25, Ысык-Көл регионунда +21…+26, Нарын аймагында +23…+28 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +24…+26, Ошто +31…+33, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска көтөрүлөт.

