VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары Ысык-Көл облусундагы 8 негизги аянтчада уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, спорт, маданият, этнография, илим жана интеллектуалдык оюндарды камтыган 8 локациянын башкы максаты — көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө таанытуу.
Иш-чаралар өтө турган 8 локация:
-
Чолпон-Атадагы ат майдан: Ат чабыштын 5 түрү, «Көчмөндөр жаңырыгы» этнофестивалы жана оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи.
-
Жаңы Көк бөрү аренасы: Көк бөрү, көкпар, эр эңиш жана тыйын эңмей мелдештери.
-
«Газпром» спортук комплекси: Күрөштүн 14 түрү боюнча дүйнөлүк таймаштар.
-
«Рух Ордо» маданий борбору: «Көчмөн санаты» салттуу музыка фестивалы.
-
«Дордой-Номад» борбору: Nomad Fest музыкалык-этнографиялык фестивалы.
-
Кырчын жайлоосу: Эң масштабдуу «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы, боз үйлөр, айтыш жана улуттук оюндар.
-
Курманжан датка атындагы борбор: Эл аралык илимий конференция жана «ArtLab» долбоорлору.
-
«Евразия» эс алуу борбору: Тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча интеллектуалдык мелдештер.
Басма сөз жыйынына Туризм агенттигинин директору Эдуард Кубатов, башкы режиссёр Алтынбек Максүтов баштаган бир катар тиешелүү жетекчилер катышты.

