ДКО 2026: Баткен облусу «Саркеч» сынагында «Саркент» композициясы менен катышып, Айгүл гүлү даңазалады


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында өтүп жаткан «Саркеч» салттуу кийимдер сынагына Кызыл-Кыя шаарынан Камчыбек Исматиллаевдин «Саркент» композициясы катышууда.  Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, композицияда Лейлек районундагы Саркент жайлоосунун кайталангыс жаратылышы жана тоолуу аймагы чагылдырылган.  Анда адам буту баса элек бийик тоолор, жайлоонун сары топурагы жана Баткендин символдорунун бири болгон Айгүл гүлүнүн образы камтылган.

   

Автор композиция аркылуу Баткен жергесинин жаратылышын, улуттук өзгөчөлүгүн жана аймактын маданий мурасын таанытууну көздөгөн.

   

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.